Чек ара окуясында курман болгон Каратаевдин үй бүлөсүнө Президенттин атынан унаа берилди

0
361

2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда тажик аскерлеринин огунан курман болгон Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө КР Президенти Садыр Жапаровдун атынан унаа берилди.

Өлкө башчынын атынан берилген унааны КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев маркумдун үй булөсүнө тапшырды.

Белгилей кетсек чек ара окуясында курман болгон М.Каратаевдин унаасы талкаланган. Анын  уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган.Өлкө башчы маркумдун уулунун кайрылуусун угуп, анын үй- бүлөсүнө унаа тапшырды.Президент Садыр Жапаровго  М.Каратаевдин үй-бүлөсү өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

М.Каратаевдин үй-бүлөсү учурда чек ара окуясында каза болгон жарандар үчүн курулган Мадина шаарчасында жашашат.Маркумдун артында жубайы жана 6 баласы калган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here