Баткенде талаадан ымыркайдын жансыз денеси табылды

0
2352

2022-жылдын 16-март күнү саат 18.00 чамасында Кадамжай шаарынын 42жаштагы тургуну  мал багып жүрүп, аталган аймактагы Миң-Жылга сайынан  баштык (сумка) таап алып, ичин караганда жансыз ымыркайдын денеси бар экендигин билдирип, милицияга кабар берет.

Кадамжай РИИБнин жетекчиси ыкчам-тергөө тобу менен аталган жерге барып, сумкада жаткан жансыз, уул ымыркайдын  денеси экендиги,  ак кездемеге  оролгондугу аныкталат. Ошондой эле ымыркай менен кошо сумканын ичинен MI Bend 4 кол сааты табылган.

Бул фактыны Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына каттап, жансыз денеге экспертиза дайындалды.

Азыркы күндө жаш ымыркайдын энесин жана аны талаага таштаган белгисиз адамдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жататдеп билдирди Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here