Кыргызстанга Россиядан келүүчү дандын көлөмүн жогорулатуу макулдашылууда

0
335

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Россиянын Москва шаарында  жумушчу сапары менен жүрөт. Ал Россиянын «Бириккен дан компаниясынын»  башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россиядан Кыргызстанга дан жеткирүү жана ташылган дандын  көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Белгилей кетсек, «Бириккен дан компаниясы» Россиянын азык-түлүк данын экспорттоочу эң ири 5 компаниянын катарына кирет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here