Кыргыз-өзбек жарандарынан турган топ, 61 бодо мал уурдашкан

0
427

Кадамжай райондук милициясы район аймагында “Бандит” аталышындагы шарттуу иш-чарасын өткөрдү. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында мурда катталган 16 мал уурулук фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан биргелешип түзүлгөн топ, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынан 61 баш бодо мал уурдаган. Натыйжада жабырлануучулар 2571000 сом зыянга учураган.

Милициянын ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 23 жаштагы тургуну жана Өзбекстандын Фергана облусунун Риштан районунун төрт жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here