Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Баткенге келди

0
353

Бүгүн 13-мартта Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Дүйнөлүк Банктын айыл-чарба тармагы боюнча башкы экономисти Мелиса Браун, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башкы адиси Лулва Н ГХ Х Али жана АРИСтин коопсуздук боюнча адиси Улан Чоноевдер жетектеген эки топту кабыл алды.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Баткен шаардык мэриясы сунуштаган долбоорлор талкууланып, объектилер жеринде көрсөтүлдү. Ошондой эле сунушталган долбоорлордун социалдык-экономикалык жана экологиялык жактары, приоритеттүүлүгү каралды.
Белгилей кетсек ,Дүйнөлүк банк тарабынан Баткен облусун өнүктүрүү максатында 50 млн. доллар каралган. Жумуш 3 компонент менен жүрөт. Биринчи компоненти шаардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында болот.

Экинчи компонентинде экономиканы көтөрүү максатында айыл-чарба багытындагы долбоорлор ишке ашырылат. Ал эми 3-компонентинде кичи гранттар колдоого алынат. Мында ишкерлер долбоор жазып кичи гранттарды алса болот деп айтылат, маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here