Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

0
354

Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2022-жылдын 10-15-февралында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тараптар калган тилкелердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын өтүүсү маселеси тууралуу пикир алышып, талкууну Тажикстан Республикасынын аймагында өтүүчү келерки жолугушууда улантууну макулдашты.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here