Баткен районунун беш айыл өкмөтүндө турак жай үчүн жер берилүүдө

0
2391

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында 1800 жаран турак жай куруу үчүн жер алууда. Жерге кезекке тургандардын муктаждыгын чечүү үчүн аталган айыл аймактан 300 гектар жердин башкы планы түзүлүп,10 сотыхтан берилүүдө. Бул тууралуу  аталган айыл аймактын башчысынын орун басары Тазабек Матрайимов билдирди.

Ал эми жергиликтүү депутат Акылбек Дилшатов, Кара-Бак айыл аймагында 20 жылдан бери жер берилбей, кезекке тургандардын саны 3миңден ашып кеткен, узак убакытка жердин берилбегендиги, мыйзам бузууга алып барды, адамдар үлүшүнө, дыйкан чарбаларга, мыйзамсыз жерлерге үй салууга мажбур болду. Буга чейин жер бөлуштүрүүдө тааныш билиш, акчалуулар алган болсо, эми андай болбойт, азыр чыныгы муктаждарга жер берилет, бир жылдан бери комиссия иштеп жатат, кимдин кезеги жеткен болсо, ошолор жер алып жатат дейт.
Белгилей кетсек мындай иш аракеттер Баткен районунун башка аймактарында да жүрүүдө. Райондо жалпы 700 гектар жер трансформацияланып, элге турак жай салуу үчүн бөлүнүп берилүүдө.
Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Адыбек Набиевдин маалыматында, учурда Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш учаскасынан жерлер берилип бүттү. Андан тышкары Дара, Кара-Бак айыл айыл аймагында берилип баштады. Ошондой эле Ак-Татыр айыл аймагында 60гектар жер даярдалып, берүү башталганы турат. Ал эми Ак-Сай айыл аймагынын Керме-Тоо учаскасында 20гектар жерди тактоо иштери жүрүп жатат.
Адыбек Набиевдин маалыматына таянсак, алдыда дагы 500 гектар жерди трансформациялоо иштери жүрүүдө. Жерлер жарандарга турак жай салуу үчүн эле эмес, өнөр жай, соода сатык тармагын өнүктүрүү үчүн да ажыратылат.

Сабира Бакирбек кызы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here