Баткенде 10 жетим балага жер тилкелери ажыратылып берилди

0
361

Баткенде 10 жетим балага жер тилкелери ажыратылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жетим балдарга жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарга турак жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жетим балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимге сунуш келтирилген.

“Сунушту кароонун жыйынтыгы менен Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан 3 балага, Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан 2 балага жана Ак-Татыр айыл өкмөтү тарабынан 5 балага жалпы 10 жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери ажыратылып, прокурордук сунуштун негизинде “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан укук күбөлөндүрүүчү документтер акысыз жасалып берилди”, — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here