Чек арадагы жаңжалдын кесепети: Жабыркагандардын укуктары талкууланды

0
553

Баткен шаарында 15-февралда, өткөн жылы Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалында жабыркаган тургундардын катышуусунда, тегерек стол болуп өттү.Тегерек столдо жабыр тарткандардын турак жайга болгон укуктарынын ишке ашуусун көзөмөлдөөнүн жыйынтыгы талкууланды.

Тегерек стол «Интербилим эл аралык борбору» коомдук уюмунун Оштогу филиалынын демилгеси астында, беш айлык жумуштун жыйынтыгын чыгаруу максатында өткөрүлдү.

Долбоордун алкагында, Баткен жана Лейлек райондорунан 4 юрист 790 консультация жана жапа чеккен калкты жергиликтүү бийлик органдарына чейин коштоо жумуштарын жасашкан. Жабыркаган тургундардын арасынан 25 активист-көзөмөлдөөчүлөр жабырлануучулардын турак-жайга жетүүсүн көзөмөлдөп, тургундар менен жергиликтүү бийликтин ортосунда ортомчу милдетин аткарышкан. Жашоочулар турак-жайды калыбына келтирүү, материалдык зыяндын ордун толуктоо жана калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты боюнча жогорку органдарга 314 кайрылуу жазышкан.

Иш чарада негизинен эки маселе талкууга алынды, алар, компенсацияларды төлөө жана калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты болду. Маалым болгондой тургундардын жаңы үйлөргө көчүп киргенине жарым жыл гана болгонуна карабай, үйлөрдүн мүчүлүштүктөрү аныкталып жатат. “Интербилимдин” долбоору алкагында 5 үйгө көз карандысыз баалоо жүргүзүлгөн. Мамлекеттик эмес “Эксперттик-консултациялык Борбору” соттук-эксперттик ЖЧКсы директору Толкун Бекбултова экспертизанын алгачкы жыйынтыктары боюнча айтып берди.

Негизги тыянак үйлөрдүн сырткы коргоочу каптоосунун жоктугу айынан уктоочу бөлмөлөрдүн полун, шыптарын, дубалдарын жылуулоо зарыл экендиги айтылды. Үйлөрдө вентиляция таптакыр жок. Фундаменттердин гидроизоляциясы жасалган эмес, үйлөрдүн пайдубалына дайыма ным түшүп турат, бул жол берилгис көрүнүш, турак жайлардын периметри боюнча бетон төшөлгөн эмес. Бул нымдуулуктун пайдубалдын астына киришине мүмкүндүк берет. Мындан улам 1-2 жылдын ичинде үйдүн пайдубалы урай башташы мүмкүн экендиги айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов үйлөрдүн экспертизалык жыйынттарын жакынкы аралыкта парламенттин отурумунда тааныштыраарын убада кылды.

Ал эми компенсация боюнча облус башчысы Абдикарим Алимбаев буга чейин, 84 миллион 400 миң сом 1-мартка чейин төлөнөт деп айтып өткөн болчу. Мүлк зыяны Жарандык коргонуу АКТысында көрсөтүлгөн суммага барабар болуп, жабыр тарткан тургундардын банкттык эсебине которулат.

Бирок тургундар райондук администрация келген зыяндын суммасын жарыялабай, ал боюнча акттын көчүрмөсүн да бербей жатканынан тынчсызданышууда.
Мындан тышкары, 81 үй-бүлөдө калыбына келтирилген жана өрттөлгөн үйлөрдүн аянтында айырмасы бар. Турак жайдын чарчы метри үчүн компенсация төлөнбөгөн үй-бүлөлөргө компенсация төлөнөбү деген суроого, облус башчысы р ар бир иш жеке карала турганын айтты. Үйлөрдүн аянты 123 чарчы метрди түзөт, ал эми 81 тургундун мурунку үйү бул өлчөмдөн көп экени да белгиленди.

Долбоордун алкагында Интербилим ЮрБот виртуалдык юристи иштеп чыккан жабыр тарткан тургундар телеграмм боттун жардамы менен материалдык зыяндын көлөмүн билип, жергиликтүү бийлик органдарына арыз жазып жана жөлөк пул алууга катталуу боюнча, ошондой эле “Баткен облусунун статусу” боюнча КР нын мыйзамына ылайык жеңилдиктер туурасында бул даректен https://t.me/interbilimyurbot). маалымат ала алышат.

Интербилим Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана Сорос Кыргызстан Фондунун биргелешип каржылоосу менен «Кыргызстандын чек арага жакын аймактарындагы ички жер которгондордун турак жай жана менчик укуктарын коргоо жана колдоо» долбоорун аяктап жатат. Ага карабай юристтер менен активисттер компенсация төлөнүшүнө жана үйлөрдү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине көз салууну улантышмакчы.

Долбоордун максаты жоготуулар болгондо адам укуктарына мониторинг жүргүзүү, тең-салмактуу, адилеттүү түрдө жоготууларды толуктоосун көзөмөлдөө жана илгерлетүү болгон.

Долбоордун жыйынтыгында төмөнкүдөй иш чаралар жүргөндүгү айтылды.Алар,
4 юрист жабырлануучуларга өкмөттүн жогорку органдарына кайрылууда юридикалык кеп-кеңештерди жана колдоо көрсөткөн.
25 жергиликтүү активисттер туруктуу негизде калктын көйгөйлөрүн чечим кабыл алуучу тарапттарга жеткирүүгө даярдалды.
Баткенде чек арага жакын айылдары үчун берилген жеңилдиктер жана жабыр атрткандар боюнча маалымат бере турган онлайн юрист жаратылган.
Мамлекет менен иштешүүнүн жыйынтыгы КРнын Министрлер Кабинети жашоочуларга 84 миллион сом өлчөмүндөгү мүлк зыянын ордун толтуруу жөнүндө токтому кабыл алганы болду.

Калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты боюнча көз карандысыз экспертизалык-корутунду алынды.

Жабыр тарткандардын укуктарын көзөмөлдөөнүн негизинде Баткендеги чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү боюнча көзөмөлдөө боюнча доклад даярдалган.
Тегерек столго жергиликтүү мамлекеттик архитектура, социалдык коргоо органдарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, КР Акыйкатчы институтунан, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундардан 80 адам катышты.

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here