Баткенде ири өлчөмдө баңгизат сатуу каналы аныкталды

0
743

Баткенде ири өлчөмдө бангизат каналын түзгөн 44 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Ага ылайык, кармалган жаранын унаасы Бишкек — Исфана автожолунун Баткен шаарына кире беришинде текшерилген.  Кызматтык издөө итин пайдалануу менен автомашинаны кароодо салондун төрт босогосунун каптамаларынын астындагы көңдөйлөрдө сары скотч менен оролгон 13 брикет табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу менен алынган зат афган тектүү гашиш бангизаты экени аныкталды. 

Учурда кармалган адамдын трансулуттук уюшкан кылмыштуу топко, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here