Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына таянсак, Баткен облусунун аймагында бир жума ичинде 987 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-7;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -16;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 122;
-Мыйзамсыз терезелерин карангылатып алган(тонировка)-2;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 840;
Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 63 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.