Баткенде Тажикстанга күрүч өткөрүүгө аракет кылган тургун кармалды

0
1409

Кечээ, 15-апрелде Баткен районунун Кара-Бак айылынын Кожом-Булак жерлигинде  коңшу өлкөгө 64 мүшөк күрүч өткөрүүгө аракет кылган 26 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аныкталган мүшөктөгү күрүчтөр болжол менен ар бири 40-50 кг дан  болгон. Жүктүн жалпы базар баасы болжол менен 450 000 сомду түзөт. Учурда кармалган жаранга карата тиешелүү иш кагаздар толтурулуп, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here