Баткенде 10-класстын окуучусу бачакталып каза тапты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы билдирди.
Милициянын маалыматына таянсак, кечээ 15-апрель күнү саат 21:05 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасына 16 жаштагы кыз денесинин эки жеринен жарат алып ооруканага жеткирилген. Болжол менен жарым сааттан кийин эсине келбей каза болгон.
Аталган маалымат Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Учурда өспүрүм кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайын аныктоо максатында тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилди– деп айтылат маалыматта.