Кызыл-Кыяда баңгизат даярдоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

0
631

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалматка караганда, аталган кылмыштуу топтун 57-53 жана 47 жаштагы  үч мүчөсү кармалды. Тинтүү учурунда кармалгандардан 1 килограмм 615 грамм «гашиш» баңгизаты табылган.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө  кармалган 47 жаштагы тургундун үйүнөн марихуананын гибриддик сортторун өстүрүү боюнча нарколаборатория табылган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here