Кадамжайда мыйзамсыз курал алып жүрүүгө шектелип 32 жаштагы тургун кармалды

0
333

Бул тууралуу Салам Медиага  облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова  билдирди. 

Ага ылайык, милиция Ак-Турпак айыл аймагынын Торговый базарында коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүп, Чоң-Гара айылынын 32жаштагы тургунунун башкаруусундагы автоунааны текшерген.  Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын алдыңкы орундугунан  К-16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды эч кандай документи жок, мыйзамсыз алып жүргөндүгү аныкталган.

Учурда ок атуучу курал алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here