Баткен эли быйылкы Улуу Жеңиштин 79 жылдыгын 93 ооруктун ардагери менен тосууда. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле облус башчысы Улуу Жеңиш майрамы менен эмгек ардагерлерин куттуктап, бакубатчылык каалап, ооруктагы каармандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Буга кошумча алардын ар бирине майрамдык куттуктоо менен ар кандай колдоолор, материалдык жардамдар көрсөтүлүп жатканы айтылат маалыматта.