Кадамжайда “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү боюнча жыйын өттү

0
386

Кадамжайда 8-май күнү жалпы билим берүү мекемелеринде  “Акыркы коңгуроо” салтанатынын өткөрүлүшү, мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында жыйын өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ата-энелер комитеттери, ишкерлер жана бүтүрүүчү класстарды виньеткага тарткан фото салондордун ээлери катышты.         

Ошондой эле, мектеп окуучуларынын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here