Жаштарды заман талабында тарбиялоо боюнча фестиваль болду

0
373

Баткенде 26-март күнү жаш муундарды заман талабында тарбиялоо багытындагы фестиваль өттү. Бул тууралуу 27-мартта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, Баткендеги А.Жайнаков атындагы музыкалык-драма театрында Ички иштер министрлиги менен “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жана “Saferworld” эл аралык уюму менен кызматташтык долбоорунун алкагында жаштар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча чоң масштабдагы иш чара өттү.

Фестивалдын негизги максаты – жашы жете электердин арасында укук бузууларды жана балдарга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу, балдарды коомдук процесске активдүү катыштыруу үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү.

Иш чаранын жүрүшүндө, жаш балдарды кылмыштуулуктан оолак кылуу, укук бузууларга жол бербөө, жаш муундун бекерчиликке берилип кетпөөсү үчүн заман талабына ылайык тарбиялоо максатында актёрлук чеберчилик, вокал, SMM багытында иш алып баруу боюнча мастер класстар өткөрүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here