Баткенде студенттерге өзгөчө кырдаалдарда өзүн-өзү алып жүрүү боюнча машыгуу өттү

0
492

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, 26-мартта Баткен мамлекеттик университетинин көп тармактуу колледжинде окуу жайдын окутуучуларына жана студенттерине өзгөчө кырдаал катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча сабак уюштурулуп, андан соң  машыгуу өткөрүлдү.

Маалыматка караганда, Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери тарабынан өзгөчө кырдаал катталгандыгы тууралуу айгай салынып, окутуучулар менен студенттер имараттан коопсуз жайга эвакуацияланды.

ӨКМ офицерлери имараттын эвакуация картасы жана коопсуздук чаралары менен таанышып чыгып, жетекчиликке сунуш жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Белгилей кетсек, буга чейин да мындай иш чаралар жылына үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here