Баткен облусунда 107 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймакта жашайт

0
893

Баткен облусунун аймагында жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган жалпы 107 үй-бүлө бар. Алар Баткен районунда 2, Кадамжай районунда 34, Кызыл-Кыя шаарында 3, Сүлүктү шаарында 48 түтүн. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык ӨКМдин жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Азамат Авазов билдирди.

Учурда кооптуу жайда жашаган 66 бүлөгө мамлекеттен жардам катары жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ага карабастан жашоочулар коопсуз жерге көчүүдөн карманып турушат. 41 үй-бүлө мамлекет тарабынан жардам ала элек.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here