Ак-Сай айылындагы мектеп, бала бакча коопсуз жайга көчүрүлөт

0
21623

Баткен районунун чек арага чектеш Ак-Сай айылында Тажикстандын соңку куралдуу кол салуусунан жараксыз абалга келген Б.Ходжаев атындагы орто мектеби жана “Жакшылык”, “Эделвейс” балдар бакчалары мурдагы оруднан көчүрүлүп коопсуз жерге курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Баткен аймактык шаар куруу жана архитектурасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ак-Сайга курулуп жаткан билимкана 275 орундуу жана бала бакча 75 балага ылайыкталган.

Эске салсак, 2022-жылдагы куралдуу калабада Ак-Сай айыл аймагында 180 үй тонолуп, өрттөлүп, 4 социалдык объект жараксыз абалга келген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here