Баткен облусунда жашаган аялдарга жана кыз-келиндерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча долбоор ишин баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.
Долбоордун алкагында мобилдик клиниканын базасында акысыз медициналык кароолор жүргүзүлүп, психологдун кеп-кеңеши да каралган.
Мындан тышкары кыздарга өспүрүм кездеги өзгөчөлүктөр, психология, өздүк гигиенага кам көрүү тууралуу маалыматтар, кеңештер берилмекчи.