Мектеп окуучусун тилдеген мугалимдерге эскертүү берилет

0
1567

Кадамжайда мектепке күчүк алып келген 4-класстын окуучусуна мугалимдер тарабынан жасалган мамиле боюнча катуу эскертүү берилет. Бул тууралуу Салам Медиага Кадамжай районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев билдирди.

Анын айтымында окуя 13-февралда Кадамжай шаарындагы Б.Айтматов атындагы орто мектепте болгон. Бул окуя боюнча тартып чыгарган мугалимге катуу эскертүү, андан сырткары соц педогог менен директорго эскертүүлөр берилери айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин мектепке күчүк алып келген  окуучунун видеосу тараган. Ал видеодо мугалимдер  окуучуну урушуп,директорго чейин алып барганы тартылган.

Коомдук тармактын колдонуучулары видеодогу  мугалимдин окуучуга болгон мамилесине байланыштуу  нааразы пикирлерин калтырууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here