Кадамжай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери “Укук тартип”, “Лидер” аттуу иш-чараларды өткөрүп, тейлеген аймактарындагы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартип сактоо максатында иш алып барды.
Алар «Торговый» базарында өз алдынча акча табуу максатында жүргөн жаш өспүрүмдөрдү аныктап, 13 ата-энеге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Андан сырткары укук бузган 4 жаранга айып пулдар салынды.
Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.