Ооган согушунун аяктаганына 34 жыл: Баатырлар эскерилди

0
1157

Бүгүн 14- февралда Баткенде Ооган согушунун аяктаганынын 34 жылдыгына арналган салтанат өттү . Ага Афган согушунун катышуучулары, облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер жана авган согушунда каза болгон жоокерлердин жакындары катышты.

Иш чара согушта курман болгон жоокерлердин элесине арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, алардын арбагына багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чарасы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында уланууда.
Белгилей кетсек, Баткен облусунан Афганистанга 774 жоокер жөнөтүлүп,алардын 27си кайтпай калган. Учурда аймакта 412  ардагер бар.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here