Өткөн жылы Баткенде 600гө жакын ишкерге арзан насыя берилген

0
893

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Министрлер кабинетинин “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында, аймак элине жеңилдетилген насыялар берилип келет.

Ага ылайык, Баткен облусунда 2022-жыл ичинде 587 ишкерге 484 млн 63 миң сомдук жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Аталган мекемеден билдиргендей, насыялар өткөн жылда коммерциялык банктардын финансы каражаттары тарабынан Баткендин чек арага чектеш аймагында ишкердик кылган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнестин субъекттерине берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here