Баткен облусттук драма театры эл аралык фестивалга катышат

0
692

Бул тууралуу облусттук драма театрынын жетекчиси  Бакыт Акматов “Салам Медиага”  билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук драма театры Түркмөнстанда өтүүчү  жазуучу Мактым Кулининдин 300 жылдык маарекесине арналган фестивалга Кыргызстандын атынан катышат.  Фестиваль ушул жылдын сентябрь айында өтүүсү белгиленген.

Драма театр фестивалга “Мактум кули”   спектакли менен  барышат. Чыгармачыл топ  менен Түркмөнстандан келген режиссёр иш алып барууда . Учурда даярдыктар көрүлүүдө – деп белгиледи Бакыт Акматов.

Маалым болгондой, спектаклдин режиссеру 25 жылдан бери аталган өлкөдө жашап эмгектенип жүргөн, кыргыз кызы режиссер-актриса Урматкан Милаева болмокчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here