Бул тууралуу облусттук администрацияныны басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, БУУнун ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек ара окуясында жабыркаган үй-бүлөлөргө санитардык-гигиеналык каражаттарды жана тиричилик буюмдарын таркатты.
Жалпысынан облус боюнча 1400 үй-бүлөгө, анын ичинде Лейлек районунан 600 үй-бүлө, Баткен районунан 800 үй бүлөгө жардам көрсөтүлдү.
Мындан сырткары, чек ара айылдарындагы мектептерге концелярдык буюмдар да берилди.