Жапония 25 миңден ашуун баткендикке колдоо көрсөтөт

0
1512

Бүгүн 20 январда Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков менен жолугуп, ага азык-түлүк жана жана башка жардамды расмий түрдө өткөрүп берди. Бул тууралуу шаардык бийликтин маалымат кызматы кабарлады.

Мэрия тараткан маалыматка караганда , Жапония Өкмөтүнүн колдоосу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттиги жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу көрсөтүлөт. БУУ ДАТП февраль айынан тартып Баткен облусунда долбоорлорун улантат. Ошондой эле табийгый кырсыктардын алдын алуу сыяктуу долбоорлор колдоого алынары да айтылды.

БУУ ДАТПга кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун натыйжасында жабыркаган аялуу калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 500 миң АКШ доллары берилди.

Жапониянын көмөгү менен жана Кыргыз Өкмөтү менен макулдашылган ыкма аркылуу БУУ ДАТП жабыркаган аймактардагы коомдук иш-чараларга катышкан 25 миң эвакуацияланган кишилерди, кабыл алуучу үй-бүлөлөрдү жана туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерди 496 тонна байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы менен камсыз кылды.

Бул долбоордун алкагында БУУ КЖКБ Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому аркылуу эвакуацияланган жана туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерге, ошондой эле кабыл алуучу жамааттарга үйлөрү калыбына келтирилгенге чейин суук кыштан коргоо үчүн зарыл болгон буюмдарды, жылытуу үчүн көмүрдү жана убактылуу турак жайларды берет.

Жапониянын салымы ошондой эле БУУ КЖКБга «Фергана өрөөнүнүн юристтери» бейөкмөт уюму менен биргеликте эвакуацияланган кишилерди негизги кызматтар, социалдык жөлөкпул жана гуманитардык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, инсандыгын юридикалык жактан тастыктаган документин, мүлктөрдү жана жарандык документтерди, анын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү калыбына келтирүүгө жардам берет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here