АРИС Баткенде талкаланган социалдык обьектилерди 123 млн сомго кымбат баалаган

0
1084

АРИС Баткенде талкаланган социалдык обьектилерди 123 млн сомго кымбат баалаган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасына жазды.

Орунбековдун маалыматына караганда мектеп, ооруканалар, балдар бакчалары, мамлекеттик мекеме имараттарын калыбына келтирүү иштери АРИС агенттигине берилип, ал эл аралык каржы инситуттарынан насыя алып, курулуш иштерин баштаган. Бул максатта тендер сунушталып, кетчү каражаттардын суммасын 452 млн сомдон жогору деп эсептешкен.

Мамлекет АРИСтин баалоосуна альтернативдүү рыноктогу баа менен салыштырып эсептеп чыгып, натыйжада 123 млн сомго көп бааланганы аныкталды.

Мындан улам мамлекет АРИСтин долбоорунан баш тарта тургандыгы белгилүү болду. Эми Баткендеги Тажикстандын кол салуусунан жараксыз абалга келген мамлекеттик мекемелердин курулушу кеч бүтсө да мамлекет өз каражатына салат.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айындагы калабада 11 административдик-стратегиялык, 27 социалдык объект, бир көпүрөө талкаланган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here