Ботулизмден эки киши айыкты

0
1758

Кадамжайда ботулизм оорусунан оор абалда ооруканага түшкөндөрдүн экөө үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн «Салам Медиага» Баткен райондор аралык сан эпид көзөмөл борборунун дарыгери Рахат Маджитова билдирди.

Дарыгердин айтымында Кызыл-Кыя шаарында дарыланып жаткандардын бири үйүнө чыгарылса, дагы бири өз калоосу менен Ош шаарындагы ооруканалардын бирине которулду.

Ал эми Кадамжай райондук ооруканасында дарыланып жаткан төрт тургундун бири ооруканадан чыгарылса, калган үчөөнүн бири жандандыруу бөлүмүндө жатса, экөө жугуштуу ооруулар бөлүмүндө дарыланып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here