Бүгүн өлкөдө электр тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Бул майрамга карата Баткен шаарында Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлерин сыйлоо аземи өттү. Иш-чарада Облус башчысы энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Мындан сырткары электр тармагындагы күжүрмөн аракети үчүн 44 кызматкерге Баткен облусунун башчысынын, «Улуттук Энерго Холдингтин» жана «Кыргызстан Улуттук электр тармагы ААК» нын ыраазычылык, алкыш баракчасы менен сыйланды.
Кыргызстан бул күндү 1994-жылдан бери белгилеп келет. Бул майрам Өкмөттүн токтому менен 1994-жылы 30-июнда бекитилген. Энергетиктердин кесиптик майрамын бүгүн Орусия менен Кыргыз мамлекетинен тышкары Белорусия, Армения, Казакстан жана Украина мамлекеттери белгилейт.