Элдик курултайга Баткенден 71 делегат катышууда

0
568

Президенттин  катышуусунда биринчи Элдик курултай Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда  башталды. Иш-чара 26-ноябрга чейин созулат.

Өлкөнүн бардык аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда. 

Жыйынтыгында  биринчи элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Белгилей кетсек, элдик курултайга Баткен облусунан 71 делегат катышууда.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here