Акыйкатчы институту кармалган активисттердин укугу бузулганын билдирди

0
636
SAMSUNG

Кыргызстандын Акыйкатчы институту активисттерди суракка алуу, кармоо, тинтүү жагдайлары боюнча адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин фейсбуктагы баракчасында маалымдалды.

Белгилей кетсек, кечээ 23-октябрда эртең менен ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кемпир-Абад суу сактагычынын статусун талкуулоого тиешеси бар 20дан ашык активисттер кармалганы маалымдалды.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаарынын милиция бөлүмдөрүндө кармалып турган 18 адам менен жолугушуп, маектешкен. Активисттердин айтымында, алардын үйлөрүн тинтүү жана кармоо иштери, Кемпир-Абад суу сактагычынын статусу жана өлкөнүн расмий бийлик органдарынын бул чечимин өзгөртүү боюнча талкуулардан улам жүргөндүгүн айтышкан.

Тинтүү жүргүзүүдө айрым учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлери, орой мамиле, өмүргө жана ден соолукка түздөн-түз коркунуч келтирүү, активисттерге жана алардын жакындарына фото-видео тартууну жүргүзүүгө тоскоолдук, чакыруу кагазын тапшырбастан ички иштер органдарына чакыруу сыяктуу, укук бузууларга жол беришкенин кармалгандар билдиришкен.

Сурамжылоого катышкан бардык активисттерге адвокаттар тарабынан укуктук консультациялар берилди-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Акыйкатчы институту активисттердин массалык кармалышына тынчсыздануусун билдирет жана сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө адам укуктарынын бузулушуна жол берилбеш керектигин белгилейт.

Азыркы учурда «массалык тартипсиздиктерди уюштурууга даярдык көрүү»кылмыш иши боюнча 21 адам кармалганы белгилүү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here