Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2022-2023-окуу жылынын окуу планына ылайык, күзгү каникул 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрына чейин 7 календардык күндү түзөт.
Ал эми “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө” ылайык, 7-8-ноябрь жумуш эмес майрам күндөрү болуп эсептелет. Мындан улам мектептерде сабактар 2022-жылдын 9-ноябрында башталат.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.