Айдаркенде кар жаап, жашоочулар кечээтен бери жарыксыз калды

0
859

2022-жылдын 19-октябрь күнү аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу, Айдаркен шаарында кар көп жааган. Натыйжада бак дарактар кар көптүгүнөн сынып, электр чубалгыларына зыянын тийгизип, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

Аталган аймакка Баткен Электр тармактары ишканасынын үч бригадасы барып, 19-октябрь күнү саат 17:00 баштап үзүлгөн аба чубалгыларын калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүп жатат.

Келтирилген убактылуу ыңгайсыздык тез арада калыбына келтирилип, электр энергиясы берилет-деп айтылат, Баткен Электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы берген маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here