Ак-Сайда каза болгон ишкердин банктагы насыясы жабылды, тоок фермасы калыбына келтирилет

0
946

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында, чек арадагы окуяда жабыркаган жарандардын насыясы тууралуу маалымат берди.

Учурда жалпы суммасы 13,5 млн сомдук 250 кредит кечирилип, 2,5 млн сом суммасындагы 13 кредиттин  келишимдик шарттары өзгөртүлдү -деди Жапаров.

Ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылында чакан тоок чарбаны чоң канаттуулар фабрикасына айланткан ишкер курман болгонун, анын дээрлик 9 млн сомго жакын банктагы карыздары жабылганын айтты.

Жапаров, «мен бул ишканага жеке өзүм бардым. Канаттуулар фабрикасы калыбына келтирилет жана кеңейтилет. Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө», — деди.

Белгилей кетсек, сентябрда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда, тажик тарап Ак-Сай айылында ишкер Матиса Надировду өлтүрүп, тоок фермасын толугу менен өрттөп кеткен.Аталган ишкана Баткен районун, Баткен шаарынын калкын жумуртка менен камсыздап турган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here