Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.
Жолугушууда Антониу Гутерриш Садыр Жапаровго БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн келгенине кубанычта экенин белгилеп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалда мерт болгондор үчүн көңүл айтты.
Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.
Президент Садыр Жапаров, Баш катчы менен жолугушууда, кыргыз-тажик чек арасындагы «негизсиз агрессиянын» фонунда өтүп жатканына өкүнүчүн билдирди.
14-15-16-сентябь күндөрү тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге ок атканын эске салды.
Садыр Жапаров Баш катчынын Кыргызстанга өзгөчө көңүл бөлүүсүнө жана көрсөтүп жаткан колдоосуна терең ыраазычылыгын билдирди.