2022-жылдын 20-сентябрына, саат 10:30га карата чек арадагы куралдуу жанжалдан жабыркаган Баткен облусунун элине жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке, 100 млн 191 миң 800,37 сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Атайын эсепке түшкөн бардык каражаттар Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын жайгашкан айылдарын жана райондорун калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларга жумшалат деп айтылат, маалыматта.