Чечилбеген көйгөй болбойт! Жапаров Чек ара кызматынын төрагасына жолукту

0
556

Садыр Жапаров жакын арада чек ара көйгөйү менен жеринде таанышуу үчүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барарын айтты.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланган.

  • Исполняющий обязанности президента, премьер-министр Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял председателя Государственной пограничной службы Кыргызской Республики Уларбека Шаршеева. 26 октября 2020 года
  • Исполняющий обязанности президента, премьер-министр Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял председателя Государственной пограничной службы Кыргызской Республики Уларбека Шаршеева. 26 октября 2020 года
1 / 2
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

 

 

Уларбек Шаршеев Баткен районундагы Үч-Дөбө айылындагы 25-октябрда болгон окуя тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр болуп, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Чыр чыккан Баткенге Чек ара кызматынын төрага орун басары Алимбаев барды

Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди бир гана тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү маанилүү экенин белгилеген.

«Чечилбеген көйгөй болбойт. Тигил же бул маселени тынч сүйлөшүп чечсе болот. Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн маселени чечүүнү улам артка жылдыра бербеш керек. Чек арадагы райондордун тургундары тынчтык жана туруктуулукта жашашы зарыл», — деген Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу жакын арада чек ара көйгөйү менен жеринде таанышуу үчүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барарын айткан.

Жапаров Баткендеги азыркы чек ара окуясын жөнгө салуу жана Кыргызстандын бардык чек ара аймактарындагы туруктуулукту сактоо үчүн тиешелүү жактарга конкреттүү тапшырмаларды берген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here