Өлкөдө канча ИВЛ-1, канча кычкылтек концентратору бар? Сандар

0
1014

Кыргызстанда өпкөнү жасалма дем алдыруучу 568 аппарат, 8 315 кычкылтек концентратору, 192 рентген жана 102 мобилдик рентген аппараты бар.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Республикалык штаб коронавирусту дарылоодо өлкө боюнча канча медициналык жабдуу бар экенин айтты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда өпкөнү жасалма дем алдыруучу 568 аппарат (ИВЛ), 8 315 кычкылтек концентратору, 192 рентген жана 102 мобилдик рентген аппараты бар.

Жасалма дем алдыруучу аппараты:

  • Бишкек шаары — 164;
  • Чүй — 42;
  • Нарын — 20;
  • Ысык-Көл — 58;
  • Баткен — 48;
  • Жалал-Абад —93;
  • Ош облусу — 88;
  • Ош шаары — 22;
  • Талас — 33.

Өкмөт Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү шартын караштырууда

Кычкылтек концентратору:

  • Бишкек шаары — 1 312;
  • Чүй — 1128;
  • Нарын — 687;
  • Ысык-Көл — 1 025;
  • Баткен — 560;
  • Жалал-Абад — 1 138;
  • Ош облусу — 1 327;
  • Ош шаары — 383;
  • Талас — 665.

Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаңы салынып жаткан жугуштуу илдеттер ооруканасы жакын арада ишке бериле турганын айтып, Гансиде жайгашкан «Семетей» ооруканасында оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери 90 пайызга аяктап калганын кошумчалаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here