Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов, “Кыргызстан үчүн тарых жараткан мен үчүн чоң сыймык” деп белгиледи

0
306

“Сезимдер эң сонун. Чынын айтсам, Кыргызстан үчүн тарых жараткан мен үчүн чоң сыймык. Менин агайларым, ата-энем, жакындарымдын жана кыргыз элинин колдоосу менен жеңишке жетип отурам”, — дейт балбан Акжол Махмудов, Спорт телеканалына берген маегинде.

Ал кечээ 11-сентябрда Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, дүйнө чемпиону болду.

Акжол Махмудов финалга чейин бразилиялык балбанды 11:1, мексикалык балбанды 8:0, түркиялык балбанды 9:7 жана кореялык балбанды 4:1 эсебинде жеңди.

Финалда венгриялык Золтан Леваини эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө. Кыргызстандан 15 спортчу барган.

Акжол Махмудов Токио Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Азиянын эки жолку чемпиону.

Дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду Президент Садыр Жапаров куттуктады.
“Азаматсың Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес, жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок. Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм! Бар бол, баатыр!” — деп айтылат өлкө башчысынын фейсбуктагы баракчасына жазылган куттуктоосунда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here