Баткенде ИГИЛ уюмуна тийиштүү материалдарды тараткан жаран кармалды

0
597

Экстремисттик, террористтик мүнөздөгү материалдарды жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Аталган мекеменин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында социалдык тармактарда диний экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн жаран кармалды.

Кадамжай районунун 27 жаштагы тургуну социалдык тармактарда Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” (ИГИЛ) экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.

Бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, жогорудагы уюм, террористтик жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here