Садыр Жапаров Ташиевге “Эл баатыры” наамын ыйгаруу себебин айтты

0
596

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда — өзгөчө эмгеги үчүн белгиленген ар тармактын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Президент, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн жогорку мамлекеттик наам берилгендигин түшүндүрүп өттү.

«Эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилдин соңку жылдарында өлкөбүздө оош-кыйыш бир топ көрүнүштөр, эл биримдигине бүлүк салган окуялар болуп кетти. Кара ниет, чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты, ал кайгылуу окуялар менен да коштолуп кетти. Мына ошондой өлкө башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду.Кээ бир өзүн баатыр сезгендер ал жака бармак түгүл караандары да көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында бүгүнкү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары КамчыбекТашиев тургандыгын эч ким тана албайт», — деди Садыр Жапаров.

“Муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейин эл кызматыда болуп, “эл уулу” атанткан иштери татыктуу бааланып жатканын эл да туура көрөт.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттерин көз жаздымда калтырууга болбойт, деп кошумчалады.

Мындан сырктары, жакынкы эле убактарда, элге беймаалым, менин көз алдымда турат, мамлекеттин кызыкчылыгы чейрек жыл бүтпөй жүргөн зор иштерди бүтүрдү. Бул иштер азырынча сыр болуп турат. Убагы келет, кийинчерээк ачыктаймын», — деди өлкө башчысы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here