Түркияда «Кыргызстан» сейил багы ачылды

0
467

Түркиянын Кападокия аймагынын Үчхисар муниципалитетинде «Кыргызстан» паркынын салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигинен билдиришти.

Сейил багы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстан жана Түркия элдеринин ортосундагы достуктун жана маданий жалпылыктын символу катары ачылды деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземине элчи Кубанычбек Өмүралиев, Невшехир аймагынын губернатору Инжи Сезер Бежел баштаган жетекчилер катышкан.

Паркка боз үйлөр тигилип, Кыргызстандын мамлекеттик желеги 800 метрден ашык бийиктикте учкан шар менен көтөрүлүп желбиретилди.Ошондой эле иш чаранын коноктору

“Достук дарагын” отургузушту.

Бул күнү туристтер эң көп зыярат кылган Үчхисардын тарыхый мунарасында кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана жашоосу, ошондой эле Кыргызстандын тарыхый жерлерин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here