Баткенге бөлүнгөн 50млн доллар кайда жумшалат? Өкүлчүлүк маалымат берди

0
867

Буга чейин маалым болгондой, Дүйнөлүк банк тарабынан Баткен облусун өнүктүрүү максатында 50 млн. доллар  каралган. Анын  25.0млн.$ кредит  жана 25.0млн.$ грант болуп эсептелет.

Аталган долбоорго негизинен Кадамжай, Баткен, Раззаков шаарлары камтылган.

Долбоор 3 багытта ишке ашат.

Биринчи багытында  — шаарлардын инфраструктурасын жакшыртуу .

Экинчи багытында —  облусунун экономикасын көтөрүү, агро өнөр жай, айыл-чарба багытындагы долбоорлор ишке ашырылат.

Ал эми үчүнчү багытында — кичи гранттар колдоого алынат. Мында ишкерлер долбоор жазып кичи гранттарды алса болот.

Долбоор парламентте колдоого алынды. Тиешелүү документ иштери 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, 2023-жылдын башынан курулуш иштери башталат.

Белгилей кетсек, 30-июнда  Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев «Региондук экономикалык өнүктүрүү – 2” долбоорунун өкүлдөрү жана АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков менен жолугушуп, аталган долбоорду ишке ашырууну талкуулашкан. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here