Ишкерди коркутуп акча талап кылган жарандар кармалды

0
485

Баткенде ишкерди коркутуп, акча талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

29-июнда Баткендин Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 27-июнда Умар аттуу жаран жабырлануучуга кайрылып, ишкерлик менен алектенгендиктен айына 500 доллардан берүүсүн талап кылып, коркуткандыгын билдирген.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү катары Кадамжай районунун 36 жаштагы эки тургуну кармалган.

Шектүү жарандар айылдардын биринде 16 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалышкан. Шектүүлөр Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here