Карындашын куткаруу үчүн кылмышка барган жаран эки айга камалды

0
819

Карындашына ыдык көрсөткөн айдоочуну атып салган жаран эки айга камалды.
Бул тууралуу Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой 1-июлда саат 08:30дар чамасында милицияга Бишкек – Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алганы боюнча маалымат түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке келип, 1975-жылы туулган жарандын сөөгүн табышкан. Ал тез жардам кызматы келгенге чейин октон алган жаратынан улам каза болгон.

Андан ары 1989-жылы туулган жаран 2022-жылы 1-июлда болжол менен саат 07:45терде Токмоктун аялдамасынан 1975-жылы туулган жарандын башкаруусундагы унаага отурган.

Айдоочу жолдон унааны токтотуп, кызга сексуалдык ыдык көрсөтө баштаган. Жыйынтыгында кыз унаадан түшүп, агасына чалып, окуя тууралуу айтканга үлгүргөн. Андан соң кыз, ошол учурда жүргүнчүнү түшүрүү үчүн токтогон башка унаага түшүп кеткен. Айдоочу ал унааны кубалап жетип, жолду тосуп эч себепсиз кызды чачынан кармап сабап, унаадан түшүрүүгө аракет кылган. Ошол учурда кыздын агасы келип, окуяны көрүп, карындашын сабап жаткан эркек кишини травматилкалык тапанча менен атып жиберген.

Аталган факт, адам өлтүрүү беренеси менен каттоого алынды.
Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган жаран кармалган.

Белгилей кетсек бул окуя акыркы кундөру социалдык тармактарга катуу талкууланып жатат. Көпчулүк жарандар агасынын карындашын коргоо үчун бул кылмышка барганын, бир туугандык милдетин аткарганын айтып, ага органдардан боштондук сурап жазышууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here