Курал колдонуудагы байкабастыктан улам 22 жаштагы жоокер каза болду

0
721

Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы жигит байкабастыктан өзүн-өзү атып алган. Бул боюнча Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Окуя 4-июлда саат 02:00дөр чамасында болгон. 22 жаштагы жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктан улам өзүнө ок чыгарып алган. Жоокер алган жаракатынан көз жумган.

Окуя болгон жерде Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги, Аскердик прокуратурасынын кызматкерлери, Аламүдүн райондук милициясынын эксперттери жана аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here