Кечээ тажик жарандары Үч-Төбө айылынан жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок алар кайым айтышып туруп алган.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Баткенге чыр-чатактын күчөп кетишин алдын алып, кырдаалды турукташтыруу үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев барды. Бул тууралуу аталган ведомство кабарлады.
Алимбаев күч түзүмдөрүнүн аракеттерин координациялайт.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган аймагындагы кырдаал азыркы учурда туруктуу деп мүнөздөлөт.
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты
Эске салсак, кечээ, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп баштаганда, кыргыз чек арачылары тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап баш ийбей кайым айтышканда, эскертүү катары асманга ок атылган. Ошондон кийин түтүк өткөрүү иши токтотулуп, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатышкан.